Башкы беткеКоомБишкекте мыйзамсыз курулуштар массалык түрдө бузулууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар массалык түрдө бузулууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 11-майдагы эл менен жологушууда билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын биринчи кварталында эле 2,5 миңге жакын мыйзамсыз объект бузулган. Ал эми 2025-жылы мындай курулуштардын саны 9 миңден ашкан.

Шаар тургундарынын бири Аламүдүн кичи районундагы күркөлөр боюнча маселе көтөрүп, мурда берилген убадалар аткарылбай жатканын айтты. Бирок мэр мыйзам алдында баары бирдей экенин белгилеп, мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн билдирди.

Жунушалиевдин сөзүнө караганда, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында айрым жарандардын бир нече кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталган. Ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча мурда эскертүүлөр жана альтернативдүү сунуштар берилгени айтылды.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен жана мыйзамсыз салынган объекттерди бузуу иштери жүрүп жатат. Бул аракеттер айрым жарандардын нааразылыгын жаратууда.

Белгилей кетсек, мындай чаралар Президент Садыр Жапаров берген тапшырманын алкагында жүргүзүлүп, жер-жерлерде эл менен түз жолугушуулар да уюштурулууда.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар