Башкы беткеДүйнөГермания менен Украина узак аралыкка учуучу дрондорду чыгарышат

Германия менен Украина узак аралыкка учуучу дрондорду чыгарышат

Германия жана Украина учуу аралыгы 1500 чакырымга чейин жеткен дрондорду биргелешип иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Борис Писториус Киевдеги жолугушуудан кийин билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ар кандай аралыкка учуучу учкучсуз аппараттарды өнүктүрүүгө басым жасайт. Бул долбоор Украина менен коргонуу өнөр жайындагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле Германия Украина куралдуу күчтөрүндөгү жаңы дрондук бөлүктөрдү каржылык жактан колдоону улантарын билдирди.

Маалыматка ылайык, Писториустун Киевге сапарынын негизги максаты — коргонуу тармагындагы кызматташууну күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болгон.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар