Башкы беткеЭкономикаКеминде 1,7 млрд сомдук агродолбоор ишке ашат

Кеминде 1,7 млрд сомдук агродолбоор ишке ашат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен “Агро Куш” компаниясынын башкы директору Аскат Абдрахманов инвестициялык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Макулдашууга ылайык, Кемин районунда иштеп жаткан канаттуулар комплексинин өндүрүштүк жайлары кеңейтилип, жаңы объектилер курулат.

Долбоордун алкагында кошумча эки аянтчада 24 канаттуулар багылуучу имарат салынат. Ошондой эле саатына 30 тонна кубаттуулуктагы тоют чыгаруучу завод ишке берилет. Инвестициянын жалпы көлөмү 1,7 млрд сомдон ашат.

Демилге өлкөнүн агроөнөр жай секторун өнүктүрүүгө, ички өндүрүштү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Долбоор ишке ашса, аймактагы калктын иш менен камсыз болушу жана азык-түлүк коопсуздугуна оң таасир берери күтүлүүдө.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар