Министрлер кабинети акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо, ачык сунуштоо жана эмиссиялык проспекттер боюнча жаңы жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ баалуу кагаздар рыногундагы эрежелерди жаңылап, көпчүлүк процедураларды электрондук форматка өткөрүүнү көздөйт. Негизги максат — бюрократияны кыскартып, акция чыгаруу жараянын тездетүү жана фондулук рыноктун ачыктыгын жогорулатуу.
Маалыматка ылайык, жаңы тартип боюнча документтерди дээрлик бардык этаптарда электрондук түрдө тапшырууга мүмкүн болот. Финансы рыногун жөнгө салуу органы акцияларды каттоо боюнча чечимди 15 жумуш күнүндө кабыл алат, ал эми эмиссиялык проспектке өзгөртүү киргизүү 10 жумуш күнүнө чейин каралат.
Долбоордо акцияларды ачык жайгаштырууга болгон талаптар дагы күчөтүлгөн. Эми эмитенттер акыркы үч жылдагы аудиттен өткөн финансылык отчетторду тапшырууга милдеттүү болот. Ошондой эле эмиссиялык проспектке андеррайтер — акцияларды жайгаштырууну уюштурган адис кол коюшу керек.
Маалыматты ачыктоо системасы дагы өзгөрөт. Мындан ары акцияларды жайгаштыруу тууралуу маалыматтар гезиттерге эмес, компаниялардын жана фондулук биржалардын расмий сайттарына жарыяланат.
Мындан тышкары, Финкөзөмөл органы жалган же адаштыруучу маалымат аныкталса, акцияларды ачык жайгаштырууну бир айга чейин токтото алат. Эгер мыйзам бузуулар жоюлбаса, чыгарылыш жараксыз деп табылып, мамлекеттик каттоо жокко чыгарылат.
Жаңы жобо депозитардык системага да өзгөртүү киргизет. Эми акцияларга байланыштуу документтерди сактоо жана эсеп жүргүзүү укугу депозитарийлерге да берилет.


