Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти. Документ борбор калааны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, инфраструктуралык долбоорлорду жана шаар тургундары үчүн жашоо шарттарын жакшыртуу чараларын камтыйт.
Башкы планда транспорт системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Анда шаардагы автоунаалардын саны өсүп, жолдорго түшкөн жүк көбөйүп жаткан шартта, тургундарды жеке автоунаадан коомдук транспортко өткөрүү негизги максат катары көрсөтүлгөн.
Документке ылайык, Бишкекте заманбап жана ылдам коомдук транспорт, анын ичинде рельстүү транспорт системасы өнүктүрүлөт. Ошондой эле транспорттук-алмашуу түйүндөрү түзүлүп, айрым коомдук транспорт каттамдары жалпы унаа агымынан өзүнчө бөлүнөт.
Мындан тышкары, шаар борборунда акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар уюштурулат. Бул чара жол тыгындарын азайтып, кыймылды тартипке келтирүүгө багытталган.
Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, Башкы планды ишке ашыруунун негизинде Бишкекте коопсуз, жеткиликтүү жана ыңгайлуу заманбап транспорттук система түзүлүшү күтүлүүдө.


