Доллар, рубль жана евронун баасы жогорулады. Коммерциялык банктарда доллар орточо эсеп менен 87,5 сомдон сатылып алынып, 87,8 сомдон сатылууда. Ал эми рубль жыл ичиндеги рекорддук чекке жетип, 1,15 сомдон сатылып алынып, 1,18 сомдон сатылууда. Еврону 102–102,5 сомдон сатып алып, 102,8–103,3 сомдон сатып жатышат
Ал эми Улуттук банктын 13-майга карата чет элдик валюталардын сомго карата жарыялаган расмий курсу төмөндөгүчө:
- доллар (USD) – 87,42 сом;
- евро (EUR) – 102,10 сом;
- рубль (RUB) – 1,16 сом;
- тенге (KZT) – 0,18 тыйын;
- юань (CNY) – 12,79 сом.


