Президенттик жана парламенттик шайлоолордо талапкерлерди каттоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Документтин демилгечилери — парламент төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев.
Долбоорго ылайык, эми жаран талапкер болуу ниетин шайлоо фондун түзүп, шайлоо күрөөсүн төлөгөндөн кийин гана расмий билдире алат. Демилгечилер буга чейинки шайлоолордо айрым адамдар арыз тапшырып коюп, бирок фонд ачпай же күрөө төкпөй калган учурлар көп болгонун айтышууда. Алар мындай көрүнүш шайлоо жараянын татаалдаштырып, ак ниет саясий атаандаштык принциптерине туура келбей турганын белгилешкен.
Маалыматка ылайык, былтыркы парламенттик шайлоодо катышуу ниети менен 589 арыз түшкөн. Бирок алардын 467си гана расмий каттоодон өтүп, 122 талапкер арыз берүү менен эле чектелген.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда үгүтчүлөрдүн санына байланыштуу жаңы чектөөлөр сунушталууда. Учурда президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо миңге чейин үгүтчү каттоого уруксат берилсе, жаңы тартипте ар бир шайлоо тилкесине үчтөн ашпаган үгүтчү каралышы мүмкүн.
Мындан тышкары, талапкерди колдоо үчүн кол топтоо жараянын электрондук форматта жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу да киргизилген.


