Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүндө Кыргызстандагы алгачкы көмүртек долбоору — iFIRST («Туруктуу энергетикалык өтүүгө инновациялык каржылоо») боюнча расмий сүйлөшүүлөр өттү.
Жолугушууга энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Дүйнөлүк банктын миссия жетекчиси Хью Ридделл катышты. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы каржылоосу 50 миллион долларга чейин көбөйтүлдү. Анын 35 миллион доллары энергетика тармагындагы реформаларды каржылоого, ал эми 15 миллион доллары кошумча капитал катары каралган.
Кыргызстан бул механизмди ишке ашырып жаткан дүйнөдөгү экинчи өлкө болуп калды. Долбоор Париж келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууга жана энергетикалык инфраструктураны жаңылоого багытталган.
iFIRST долбоорунун негизги өзгөчөлүгү — каржылоо парник газдарынын чыгышы реалдуу түрдө азайганы тастыкталгандан кийин гана берилет. Ошондой эле долбоор көмүртек бирдиктеринин улуттук реестрин түзүүнү жана мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камтыйт.
Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту.


