15-майда Эл аралык музейлер күнүнө карата Уркуя Салиева атындагы музейде “Улут тарыхы — урпакка аманат” аттуу көргөзмө иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты — улуттук тарыхый жана маданий мурастарды кеңири жайылтуу, музейлердин коомдогу ордун даңазалоо жана жаш муундарды тарыхый баалуулуктарды урматтоого үндөө.
Көргөзмөнүн алкагында элдин турмушун, каада-салтын жана маданиятын чагылдырган тарыхый экспонаттар, кол өнөрчүлүк буюмдары, архивдик сүрөттөр жана баалуу мурастар көрүүчүлөргө сунушталат. Ошондой эле маданий программа уюштурулуп, улуттук күүлөр жаңырып, көркөм окуулар жана чыгармачылык номерлер тартууланат.
Иш-чара Эл аралык музейлер кеңеши (ICOM) тарабынан жарыяланган 2026-жылдагы “Музейлер — бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик” аттуу эл аралык теманын алкагында өткөрүлөт.


