Башкы беткеМинистрлер кабинетиНарында 100 орундуу бала бакча курулууда

Нарында 100 орундуу бала бакча курулууда

Нарын шаарындагы 100 орундуу “Наристе” бала бакчасынын курулушу уланып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 108 миллион сомду түздү.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1027 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап имарат салынат. Курулуш иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүп, учурда биринчи кабаты тургузулду.

Курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталып, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар