Башкы беткеДүйнөЛавров менен Арагчи Нью-Делиде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты

Лавров менен Арагчи Нью-Делиде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Индиянын борбору Нью-Делиде БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тараптар жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалды жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессинин жүрүшүн кеңири талкуулашты. Россия тарап ок атышууну токтотуу режимин сактоонун жана саясий-дипломатиялык аракеттерди үзгүлтүккө учуратпоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сергей Лавров ошондой эле Иран менен АКШнын ортосунда өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү үчүн Россия ортомчулук жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери дагы каралып, Россия менен Иран ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар