Башкы беткеДүйнөИндияда катуу бороон-чапкындан 111 адам каза болду

Индияда катуу бороон-чапкындан 111 адам каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш штатында катуу шамал, нөшөрлөгөн жаан жана чаң бороонунун кесепетинен кеминде 111 адам каза болуп, дагы 72 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Табигый кырсык Праяградж, Пратапгарх, Бхадохи, Фатехпур, Уннао, Канпур-Дехат, Чандаули, Сонбхадра жана Бадаун округдарында ири кыйроолорду жаратты. Айрым аймактарда шамал бак-дарактарды тамыры менен жулуп, электр берүү линияларын кулатып, турак жайларга зыян келтирген.

13-майдын кечинде штаттын бир катар райондорунда жаан-чачын жана күн күркүрөө менен коштолгон чаң бороону болгон. Айрым адамдар кулаган бактардын астында калса, башкалары ураган курулуштардан жана чагылгандын соккусунан каза болгон.

Кырсыктын кесепетинен мал-жандыктар дагы жабыркап, акыркы маалымат боюнча 114 баш мал кырылган.

Учурда полиция жана куткаруу кызматтары урандыларды тазалоо иштерин улантууда. Бийлик жабыркаган үй-бүлөлөргө 24 сааттын ичинде медициналык жана каржылык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар