Башкы беткеМинистрлер кабинетиУлуттук илимдер академиясына жаңы президент тааныштырылды

Улуттук илимдер академиясына жаңы президент тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук илимдер академиясынын жамаатына мекеменин жаңы президенти Бекмамат Дженбаевди расмий тааныштырды.

Жолугушууда Улан Маматканов мамлекет башчысы тарабынан илим тармагын өнүктүрүүгө жана Улуттук илимдер академиясынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ал Улуттук илимдер академиясы өлкөнүн башкы илимий борборлорунун бири экенин айтып, илимий потенциалды чыңдоо, изилдөө базасын модернизациялоо жана илимий иштердин натыйжалуулугун заман талабына ылайык жогорулатуу маанилүү экенин баса белгиледи.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар