Башкы беткеДүйнөANKA дрондорун Түркия Казакстан менен биргелешип өндүрө баштайт

ANKA дрондорун Түркия Казакстан менен биргелешип өндүрө баштайт

Казакстан менен Түркия ANKA үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды биргелешип өндүрүү боюнча келишимге кол коюшту. Тиешелүү документке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койгонун Ак ордо билдирди.

ANKA учкучсуз аппараты Түркиянын Turkish Aerospace Industries компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Ал чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана сокку уруучу операциялар үчүн колдонулат. Аппарат 1700 килограммга чейинки салмак менен уча алат, 350 килограммга чейин жүк көтөрөт, абада 30 саатка чейин кармалып, 9 миң метр бийиктикке көтөрүлө алат.

Мындан тышкары, Токаев менен Эрдоган Казакстан менен Түркиянын ортосундагы түбөлүк достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга да кол коюшту.

Ошондой эле «КазМунайГаз» менен Түркиянын мамлекеттик мунай корпорациясы — Türkiye Petrolleri Anonim Ortaklığı ортосунда мунай өндүрүү боюнча меморандум жана келишим түзүлдү. Документтерге ылайык, тараптар Казакстанда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө көмүр суутек кендерин иштетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну пландашууда. Меморандум инвестиция тартуу, мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана Каспий деңизинин казак секторундагы долбоорлор боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүнү да камтыйт.

Режеп Тайып Эрдоган учурда Казакстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар