Ардактуу энелер!
Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Кыргыз элинде байыртадан айтылып келе жаткан «Эне – үйдүн куту» деген сөз элибиздин дүйнө таанымын, нарк-насилин жана үй-бүлөгө болгон өзгөчө мамилесин туюнтат. Чындыгында, эне – өмүрдүн башаты, үй-бүлөнүн жүрөгү, тарбиянын алгачкы булагы.
Ар бир бала жарык дүйнөгө келгенде алгач эненин үнүн угуп, анын мээримин сезет. Эне аркылуу дүйнөнү таанып, тилди, адеп-ахлакты, боорукерликти, улууну урматтап, кичүүнү сыйлоону үйрөнөт.
Кыргыз энелери уул-кыздарын намыска сугарып, Мекенди сүйүүгө, эл-жерди урматтоого тарбиялап келишкен. Элибиздин тарыхындагы далай баатыр, акылман жана журт башкарган инсандардын калыптанышында энелердин орду өзгөчө болгон.
Бүгүнкү күндө да энелерибиз бала тарбиялоо менен катар билим берүүдө, саламаттык сактоодо, илимде, маданиятта, ишкердикте жана мамлекеттик кызматта үзүрлүү эмгектенип, коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келишет.
Урматтуу энелер!
Сиздердин мээримиңиздер жана ак эмгегиңиздер — улуттун келечегин түптөгөн улуу күч. Элибиздин каада-салтын, руханий баалуулуктарын муундан муунга өткөрүп келе жаткан да — сиздерсиздер.
Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырып, энелердин жүзүнөн жылмаюу кетпесин.
Майрамыңыздар кут болсун, мээрман энелер!



