Башкы беткеДүйнөДүйшөмбүдө дүйнөлүк мунай баасы кайра өстү

Дүйшөмбүдө дүйнөлүк мунай баасы кайра өстү

Дүйшөмбү күнү дүйнөлүк мунай баасы АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга карата жаңы билдирүүсүнөн кийин кайрадан кымбаттаганын эл арылык маалымат агенттиктери жарыялашууда.

Brent үлгүсүндөгү мунайдын июль айындагы фьючерстери 1,8 пайызга өсүп, бир баррели 111 доллардан ашты. Ал эми WTI мунайынын баасы 2 пайыздан көбүрөөк көтөрүлүп, 107 доллардан сатылууда.

Инвесторлор Трамптын Truth Social платформасында жазган билдирүүсүнө реакция кылышты. Анда АКШ президенти Иранга “убакыт өтүп жатканын” эскертип, “тез аракет кылбаса, эч нерсе калбайт” деп билдирген.

Акыркы айларда АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп, Вашингтон менен Израил Иран аймагына сокку ургандан кийин кырдаал курчуп кеткен. Дем алыш күндөрү Бириккен Араб Эмираттарындагы атомдук электр станциясына дрон чабуулу жасалганы тууралуу маалыматтар дагы рыноктогу кооптонууну күчөттү.

Мунай баасынын өсүшү Азия фондулук рынокторуна дагы таасир этти. Япония, Түштүк Корея жана Гонконг биржаларында индекстер төмөндөп, технологиялык компаниялардын акциялары арзандады.

Эксперттердин айтымында, дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана энергия ресурстарынын кымбатташы глобалдык экономикага басым жасап, инвесторлордун тынчсыздануусун күчөтүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар