Башкы беткеМинистрлер кабинетиМамлекеттик кызматкерлер улуттук стилдеги форма кийиши мүмкүн

Мамлекеттик кызматкерлер улуттук стилдеги форма кийиши мүмкүн

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн күндүн ысык мезгилинде галстук жана классикалык костюмсуз иштөөгө уруксат берилди. Тиешелүү чечим кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана электр энергиясын үнөмдөө максатында кабыл алынганы белгиленди.

Маалыматка ылайык, ысык аба ырайында костюм жана галстук кийген кызматкерлер кондиционерлерди күчөтүлгөн режимде колдонгон учурлар көп кездешет. Ошол эле учурда бул чечим кондиционерлерди колдонууга тыюу салууну билдирбейт.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форма үлгүлөрүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Бул демилгенин алкагында келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим стилиндеги расмий формаларды кийиши мүмкүн. Ал эми эл аралык жана протоколдук иш-чараларда мурдагыдай эле белгиленген дресс-код сакталары маалымдалды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар