Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Бакуда Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Садыр Жапаров Бакуда Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы форумга Илхам Алиевдин чакыруусу менен катышууда. Шаарларды туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартибин талкуулоого 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылары, жогорку даражалуу өкүлдөр, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн келген 45 миңден ашуун делегат катышууда.

Садыр Жапаров “Бардыгы үчүн турак жай: коопсуз жана туруктуу шаарлар жана коомчулуктар” темасына арналган форум урбанизация, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү жана турак жай жеткиликтүүлүгү маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча экенин белгиледи.

Президент глобалдык чакырыктардын шартында Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты.

“Тилекке каршы, бүгүнкү күндө мөңгүлөрдүн эриши, климаттын өзгөрүшү, калктын миграциясы жана экосистемаларга болгон басым бийик тоолуу жана тоо этектериндеги шаарларга терс таасирин тийгизүүдө. Тарыхы бай, маданий өзгөчөлүктөрү уникалдуу болгон бул чакан шаарлар бир катар олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатат”, — деди Мамлекет башчысы.

Ал тоолуу шаарлардын туруктуу өнүгүүсү үчүн үч стратегиялык багытты атады: экосистеманын туруктуулугун камсыз кылуу, тоо урбанистикасына инновацияларды киргизүү жана жарандар менен меймандар үчүн ыңгайлуу жашоо жана иштөө шарттарын түзүү.

Президент деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан шаарларды өнүктүрүү маселеси өзгөчө актуалдуу экенин белгилеп, Кыргызстандын бул багыттагы тажрыйбасын эске алуу менен Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштады. Ошондой эле анын штаб-квартирасын Бишкек шаарына жайгаштырууга даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров тез урбанизация шартында жарандар үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүдөгү негизги жоопкерчилик шаарларга жүктөлөрүн айтты.

“Бүгүн шаарлар экономикалык өнүгүүнүн, инновациялардын жана адам капиталынын борборуна айланып жатат. Ошол эле учурда алар климаттын өзгөрүшү, инфраструктурага күчөгөн басым, турак жай тартыштыгы жана коопсуздук маселелери менен биринчи болуп бетме-бет келүүдө”, — деди ал.

Президент турак жай курулушу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, 2025-жылы Кыргызстанда 1,8 миллион чарчы метрден ашуун турак жай пайдаланууга берилгенин маалымдады. Анын ичинде ипотекалык механизмдер аркылуу 4600дөн ашуун үй-бүлө жаңы батирлерге ээ болду. Учурда өлкө боюнча 70 миңден ашуун батир курулуп жатат.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Бишкек шаарында өткөн жылдын аягында Борбор Азиядагы эң алгачкы таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке берилгенин белгиледи.

Аталган завод жылына 365 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 30 мегаватка чейин электр энергиясын өндүрүүгө багытталган.

“Мындай көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүү үчүн мурда жыл сайын болжол менен 80 миң тонна көмүр жагылып, атмосферага 100 миң тонна көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыкчу. Ушундай эле ишканаларды өлкөбүздүн Каракол жана Ош шаарларында куруу пландалууда”, — деди Президент.

Ошондой эле ал форумдун катышуучуларын WUF13 алкагында өтүп жаткан Urban Expo көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонуна келип, бул долбоор менен жакындан таанышууга чакырды.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүүгө даяр экенин белгиледи. Ал биргелешкен аракеттер аркылуу гана адамдар, жаратылыш жана прогресс гармонияда жашаган туруктуу, инклюзивдүү жана ыңгайлуу шаарларды курууга болоруна ишеним билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар