Башкы беткеКоомЖээкке кум төгүү фактысы боюнча 3 компания айыпка жыгылды

Жээкке кум төгүү фактысы боюнча 3 компания айыпка жыгылды

Ысык-Көлдүн жээгинде мыйзамсыз топурак жана кум төгүү фактылары аныкталып, курулуш компанияларына жалпы 5 млн 566 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Тамчы айылындагы бир катар курулуш объекттерин пландан тышкары текшерүүгө алып, айлана-чөйрөнү коргоо талаптары сакталбаганын аныктаган.

Жыйынтыгында тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, компанияларга айып пулдар салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу, документтерди иретке келтирүү жана экологиялык нормаларды так аткаруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Айыптар төмөнкү компанияларга салынды:
— “Авангард Резорт” ЖЧКсы — 1 925 237 сом
— “КыргызИнвестСтрой” ЖЧКсы — 1 929 562 сом
— “Елизавета” ЖЧКсы — 1 711 791 сом

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар