Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жетектеген жыйын болуп өттү. Анда өлкөдөгү өнөр жай аймактары жана индустриалдык парктар боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө өнөр жай аймактарын өнүктүрүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктуралык даярдыгын камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.
Өзгөчө көңүл Чүй облусу аймагында түзүлүп жаткан өнөр жай аймагына бурулуп, анда ишке ашырылып жаткан жана пландалган инвестициялык долбоорлор боюнча кеңири маалымат берилди.
Иш-чарага бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана аталган аймакта долбоорлорду ишке ашырып жаткан инвесторлор катышты. Алар тарабынан долбоорлорду жүзөгө ашырууда жаралып жаткан маселелер, анын ичинде инфраструктуралык камсыздоо, мамлекеттик органдар жана ресурс менен камсыздоочу мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелери көтөрүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга өнөр жай аймагын мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.



