Башкы беткеМаданиятIV Бишкек эл аралык кинофестивалы дүйнөлүк кино жылдыздарын чогултат

IV Бишкек эл аралык кинофестивалы дүйнөлүк кино жылдыздарын чогултат

2026-жылдын 7–12-июнь күндөрү Бишкек шаарында IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 7-июнда Турдакун Усубалиев атындагы аянт аянтында уюштурулат.

Борбор Азиядагы ири кино аянтчаларынын бири болгон фестивалдын алкагында Кытай, Иран, Черногория, Казакстан жана Кыргызстандан дүйнөлүк премьералар көрсөтүлөт. Ошондой эле Кытай жана Италия тасмаларынын эл аралык бет ачарлары өтөт.

Фестиваль кыргыз киносунун чыгаан өкүлдөрүнө да өзгөчө көңүл бурат. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кадыралиев чыгармачылыгына арналган ретроспектива уюштурулуп, Ак Илбирстин тукуму жана Отрардын өлүмү тасмалары көрүүчүлөргө сунушталат.

Мындан тышкары фестивалдын алкагында Work In Progress, Script Workshop 2026 жана Old Square Screenings сыяктуу жаңы индустриалдык жана билим берүү программалары ишке ашырылат. Бул аянтчалар жаш кинематографисттерди колдоого багытталган.

Быйыл фестивалдын мейман өлкөсү болуп Монголия тандалып, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн кино тармагынын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Учурда ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо уланууда.

Байланыш үчүн:

  • Перизат, PR-менеджер: +996 555 060 517
  • Нурбек, PR-менеджер: +996 550 987 700
  • E-mail: [email protected]

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар