Кыргызстан менен Тажикстан маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бишкектеги Ынтымак Ордодо Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзода менен жолугуп, маданият, билим берүү жана туризм тармактарындагы байланышты чыңдоо маселелерин талкуулады.
Жолугушууда 2025-жылы Дүйшөмбүдө өткөн Кыргызстандын Маданият күндөрү жана Кыргызстанда өтүп жаткан Тажикстандын Маданият күндөрү эки өлкөнүн чыгармачылык кызматташтыгына жаңы мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.
Ошондой эле алдыдагы ири эл аралык иш-чаралар — Шанхай кызматташтык уюму мамлекет башчыларынын юбилейлик саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча кызматташтык маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, Тажикстандын Маданият күндөрү Кыргызстанда 17–22-май күндөрү өтүүдө.



