Башкы беткеПрезидентЧубак Жалиловго «Ак Шумкар» белгиси жана «Эл Баатыры» наамы ыйгарылды

Чубак Жалиловго «Ак Шумкар» белгиси жана «Эл Баатыры» наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы муфтийи Чубак Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Ага «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси да тапшырылды.

Жогорку мамлекеттик сыйлык дин аалымынын диний билим берүүнү өнүктүрүүгө, руханий агартууга, адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга жана элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылганы белгиленди.

Сыйлык Чубак Жалилов каза болгондон кийин берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар