Башкы беткеМаданиятКыргыз-француз тилиндеги каталогдун бет ачары өттү

Кыргыз-француз тилиндеги каталогдун бет ачары өттү

Улуттук тарых музейинде “Кыргыз дүйнөсүнүн кылымдар мурасы” аттуу кыргыз-француз тилдериндеги каталогдун бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Аталган басылма Улуттук тарых музейи менен Франциянын Кыргызстандагы Элчилигинин ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун алкагында жарык көрүп, кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурастарын эл аралык коомчулукка таанытууга багытталган.

Салтанаттуу иш-чарага катышкан Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жана Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай каталогго киргизилген баалуу музей экспонаттары тууралуу маалыматтар коомчулуктун кызыгуусун арттырып, илим жана маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Иш-чараны долбоордун автору жана каталогду түзгөн музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, бул эмгек кыргыз мурастарын франкофония мейкиндигине жайылтууда маанилүү кадам экенин белгиледи.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар