Башкы беткеКоомМамлекеттик кызматкерлерге коррупцияны алдын алуу түшүндүрүлүүдө

Мамлекеттик кызматкерлерге коррупцияны алдын алуу түшүндүрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы күрөшүү чаралары, пара алуунун кесепеттери жана коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле өлкөдө аныкталган коррупциялык фактылар, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон адамдар боюнча статистикалык маалыматтар айтылды.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо, кызматтык тартипти чыңдоо жана укуктук маданиятты жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынга укуктук камсыздоо жана мониторинг, санариптик трансформация, жер кадастры, финансы жана экономикалык пландоо башкармалыктарынын жетекчилери, бөлүм башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик сатып алуулар, персонал менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адистер катышты.

Мындан тышкары, катышуучуларга укук бузуулар, коррупциялык көрүнүштөр же башка шектүү жагдайлар аныкталган учурда кайрылуу үчүн байланыш номерлери берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар