Бүгүн, 21-майда Мамлекеттик резиденциянда “Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар – Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага Адылбек Касымалиев катышып, сөз сүйлөдү.
Конференция Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, дин өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди. Анда отуз жыл ичинде агенттик дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, конфессиялар аралык тынчтыкты сактоо жана коомдук биримдикти чыңдоо багытында маанилүү мамлекеттик институтка айлангандыгы белгиленген.
Конференция расмий сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды. Адылбек Касымалиев агенттиктин кызматкерлерине, ошондой эле мамлекет менен диндин ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө жана Кыргызстандагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө салым кошкон дин өкүлдөрүнө мамлекеттик жана Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды.


