19-май күнү Британиядагы Radio Caroline радиостанциясы түз эфир учурунда жаңылыштык менен король Карл III каза болду деген маалымат таратып жиберди. Андан кийин эфирден “Кудай падышаны сактасын” гимни жаңырып, радионун берүүсү болжол менен 15 мүнөткө үзгүлтүккө учураган.
Кийин алып баруучулар кайра эфирге чыгып, угармандардан кечирим сурашты.
20-майда радиостанция социалдык тармактар аркылуу расмий билдирүү жасап, башкы студиядагы компьютердик мүчүлүштүктөн улам “Монарх” аттуу атайын протокол кокусунан иштеп кеткенин маалымдады. Бул система британ монархы каза болгон учурда колдонулат.
Окуя болуп жаткан маалда Карл III Түндүк Ирландияда расмий сапар менен жүргөн.



