Кыргызстандын 20 информатика мугалими жана Агартуу министрлигинин өкүлдөрү Корея Республикасында өткөн санариптик окутууну өнүктүрүү боюнча KLIC программасына катышып келишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Окуу 13–19-май күндөрү Сеул шаарында жана Чхунчхон-Пукто провинциясында өттү.
Программанын алкагында катышуучулар робототехника, сенсордук системалар, санариптик платформалар аркылуу сабак өтүү жана окуучуларды баалоонун заманбап ыкмалары боюнча практикалык билим алышты. Ошондой эле Кореянын инновациялык STEM-лабораториялары жана санариптик билим берүү чөйрөсү менен таанышышты.
20-майда мугалимдерди Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кабыл алып, жолугушууда алар алган тажрыйбаларын бөлүшүп, Кыргызстандагы мектептерде санариптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.



