Бүгүн, 21-майда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар форумдун жалпы концепциясы, аталышы жана талкуулануучу темалары дүйнөдөгү заманбап тенденциялар менен актуалдуу чакырыктарга шайкеш келиши керектигин белгилешти. Ошондой эле иш-чаранын мазмундук деңгээлин мындан ары жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар айтылды.
Юбилейлик форумга дүйнөгө белгилүү окумуштуулар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, илимий ишмерлер, белгилүү акын-жазуучулар, ошондой эле дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө.
Жыйындын соңунда Арслан Койчиев форумдун өтүү мөөнөтү жакындап калганын белгилеп, бекитилген иш-чаралар планынын алкагында бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жооптуу түзүмдөр тарабынан системалуу жана ыкчам иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.



