Башкы беткеКоом«ОЙМО-2026» эл аралык фестивалы өзгөчө өтөт

«ОЙМО-2026» эл аралык фестивалы өзгөчө өтөт

Бишкек шаарында, 27–31-май күндөрү  салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XX юбилейлик эл аралык «ОЙМО-2026» фестивалы өтөт.

Фестиваль материалдык эмес маданий мурастарды сактоого, салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана креативдүү индустрияларды колдоого багытталган ири маданий иш-чаралардын бири болуп саналат. Быйылкы фестиваль «Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук» деген ураан алдында өтөт.

Иш-чарага Кыргызстан, Борбор Азия өлкөлөрү жана башка мамлекеттерден 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышат. Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөр жарманкеси, fashion-көрсөтүүлөр, мастер-класстар, кино көрсөтүүлөр жана ачык талкуулар уюштурулат. Коноктор шырдак, ала кийиз, сайма, токуу жана карапа өнөрү боюнча сабактарга катыша алышат.

Фестивалдын расмий ачылышы 27-май күнү саат 11:00дө Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтта өтөт. Ал эми 26-май күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада салттуу маданият жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференция уюштурулат.

Фестиваль 31-май күнү жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана мода көрсөтүүсү менен жыйынтыкталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар