Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Венгриянын Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк чынжырын көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Саболч Пастор менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда кыргыз тарап Венгрияга эт продукцияларын экспорттоого жана Венгриядан асыл тукум мал импорттоого кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын бизнес коомчулугу эт азыктарын жана тирүү асыл тукум малдарды жеткирүүгө кызыгуу көрсөтүп жатканы белгиленди. Өз кезегинде Саболч Пастор Европа Биримдигинин рыногуна эт продукцияларын экспорттоо үчүн тиешелүү европалык реестрге катталуу зарыл экенин айтты.
Ал Кыргызстандын буга чейин табигый балды Европа Биримдигинин реестрине ийгиликтүү каттатуу тажрыйбасын белгилеп, бул ата мекендик продукцияны Европа рыногуна чыгарууда жакшы негиз болоорун билдирди.
Мындан тышкары, венгр тарап кыргыз продукциясын Европа Биримдигинин рыногуна алып чыгуу боюнча консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.
Ошондой эле учурда Венгриядан Кыргызстанга асыл тукум мал экспорттоого эч кандай чектөөлөр жок экени айтылып, ветеринария жана мал чарбачылыгы тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.



