Сауд Арабия быйылкы ажылык мезгилде зыяратчылардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында жасалма интеллектти жана заманбап санариптик технологияларды ишке киргизди. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары кабарлады.
Мамлекеттик түзүмдөр зыяратчылардын агымын жөнгө салуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн бир катар санариптик чечимдерди колдонууда.
Өткөрүү пункттарында 136дан ашык тилди колдогон котормо системалары орнотулуп, зыяратчылардын чек ара процедураларынан тез өтүшүнө шарт түзүлдү.
Ыйык жерлерде элдин жана транспорттун кыймылы видеоаналитика аркылуу реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнүп, тыгындардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Медициналык тармакта бейтаптардын маалыматтары электрондук база аркылуу ыкчам иштетилип, жасалма интеллект алдын ала диагноз коюуга жардам берүүдө.
Ошондой эле “Nusuk” санариптик тиркемеси зыяратчылар үчүн навигация, транспорт жана башка 130дан ашык кызматты камтып, ыңгайлуулукту камсыз кылууда. Майыптыгы бар жарандар үчүн атайын сурдокотормо жана визуалдык колдоо кызматтары да иштеп жатат.



