Башкы беткеСаясатМосквада кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланды

Москвада кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланды

Канат Сагынбаев Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы министрликтин өкүлчүлүгүндө Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Россиядагы мекендештердин убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу жана балдарды Москвадагы мектептерге жайгаштыруу сыяктуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жолугушууда Россиядагы мекендештердин убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу жана балдарды Москвадагы мектептерге жайгаштыруу сыяктуу эң актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Канат Сагынбаев жарандардын суроолоруна тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам түрдө чечүү боюнча өкүлчүлүктүн жетекчилигине тапшырмаларды жүктөдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар