Башкы беткеМинистрлер кабинетиБалыкчыда “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борбору ачылды

Балыкчыда “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борбору ачылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында “Кыргызалтын” ААКтын “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борбору ачылды. Ачылышка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Ал Кыргызстан транзиттик жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп жатканын белгилеп, бул борбор эл аралык соода жана жүк ташуу агымын кеңейтүүгө өбөлгө болорун айтты.

Борбор Кытай, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган маанилүү логистикалык түйүн катары иш алып барат. Долбоордун алкагында 80ден ашык жаңы жумуш оруну түзүлдү.

Объект 5,5 гектар аянтта жайгашып, күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар