Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 28-майда иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Президентти Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумга катышат.
Ошондой эле мамлекет башчысы Беларусь, Казакстан жана Россия лидерлери, Армениянын вице-премьер-министри менен биргеликте бир катар жолугушууларга катышып, Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборундагы өлкөлүк көргөзмөгө барат.



