Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен кыргызстандык балдарды жана алардын ата-энелерин куттуктады. Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоосунда балалык мезгил адам өмүрүндөгү эң аруу, эң таза жана эң бактылуу учур экенин белгилеп, балдардын шайыр күлкүсү, таза сезими жана чоң кыялдары өлкөнүн келечегине үмүт жандырарын айтты.

Президент бүгүнкү күндө билимге умтулган, дүйнө таанымы кең, мекенин сүйгөн жаш муун Кыргызстандын эң чоң байлыгы экенине токтолуп, ар бир баланы терең билим алууга, адептүү, эмгекчил жана мекенчил инсан болуп өсүүгө чакырды. Ошондой эле ар бир бала өзүнчө талант жана өзүнчө аалам экенин белгилеп, алардын чыгармачылыкка, илимге, спортко жана техникага болгон кызыгуусун колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Куттуктоодо ата-энелерге да өзгөчө кайрылуу жасалып, балага сапаттуу тарбия жана билим берүү — улуттун келечегине салынган инвестиция экени айтылды. Мамлекет балдардын жаркын келечеги үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантарын белгиледи. Сөзүнүн соңунда Президент балдарга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана чоң ийгиликтерди каалап, алардын кыялдары бийик болуп, жүрөктөрү мээримге, жүздөрү күлкүгө толуп жүрүшүнө тилектеш экенин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар