1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында «Балалык дүйнөсү жана көчмөн деми» аттуу майрамдык фестиваль уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Фестиваль «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багында өтүп, балдар үчүн ар түрдүү интерактивдүү аянтчалар уюштурулду. Алар чыгармачылык, билим берүү, спорт жана улуттук маданият багыттарын камтып, катышуучуларга жаңы тажрыйба жана кызыктуу эс алуу тартуулады.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Догдуркүл Кендирбаева балдарды майрамы менен куттуктап, алардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарт түзүү коомдун негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
«Балдарды шыктандырып, өнүгүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзсөк, келечекте сапаттуу коомду калыптандырабыз. Балдар — биздин эң чоң байлыгыбыз», — деди министр. Фестивалдын программасында улуттук оюндар, элдик бийлер, боз үй тигүү, улуттук музыкалык аспаптарда ойноо боюнча мастер-класстар, робототехника, 3D графика жана дизайн, сүрөт өнөрү, спорттук жана интеллектуалдык оюндар орун алды.
Мындан тышкары, экология жана туризм багытындагы таанып-билүү иш-чаралары уюштурулуп, балдар үчүн кызыктуу маданий жана билим берүүчү программа сунушталды.
Белгилей кетсек, майрамдык фестиваль Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулду.



