Башкы беткеСаясатЖогорку Кеңеш Санарип кодексине өзгөртүү киргизүүдө

Жогорку Кеңеш Санарип кодексине өзгөртүү киргизүүдө

Жогорку Кеңеш 4-июнда Санарип кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдарда же согуштук шарттарда мамлекет интернет жана байланыш кызматтарын чектөөгө же убактылуу токтотууга укуктуу болот.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Кубанычбек Самаков интернет жана байланыш өчүрүлгөн учурда калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо кандай жүргүзүлөрүнө кызыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мындай кырдаалдар үчүн атайын механизмдер жана программалар иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, согуштук шарттарда же өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик органдардын уруксаты менен жабык байланыш каналдары колдонулат.

Ошондой эле ал буга чейинки чек ара жаңжалдары учурунда интернет аркылуу аскердик жана күч түзүмдөрүнүн жайгашкан жерлери тууралуу маалыматтардын тарашы коопсуздукка коркунуч жараткан учурлар болгонун белгиледи.

Эрбаевдин маалыматына ылайык, ар бир райондо жана айыл өкмөтүндө мобилизациялык даярдык системасы түзүлгөн. Мындан тышкары, облустук жана республикалык деңгээлде ыкчам штабдар иш алып барып, өзгөчө кырдаалдарда координациялык иштерди жүргүзөт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардын көпчүлүк добушу менен колдоо таап, кабыл алынды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар