Башкы беткеПрезидентБУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуу Кыргызстанга эмне берет?

БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуу Кыргызстанга эмне берет?

2026-жылдын 3-июнунда  Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланып, бул күн өлкөнүн тарыхындагы маанилүү даталардын бири болуп калды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жетти.

Эксперттер Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы өлкөнүн эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча негизги чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгун берерин белгилешүүдө. Борбор Азиянын Аймактык тоо борборунун директору Ысмайыл Даиров мамлекетибиздин аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгү улуттук демилгелерди глобалдык деңгээлде илгерилетүүгө шарт түзөөрүн билдирди.

“Албетте, бул Кыргызстандын дипломатиясынын чоң ийгилиги. Мен муну биринчи кезекте өлкө Президенти Садыр Жапаровдун жетишкендиги деп эсептейм. Дал мамлекет башчыбыз жүргүзгөн акыркы жылдардагы активдүү жана ырааттуу тышкы саясаттын натыйжасында Кыргызстан татаал атаандаштык шартында жеңишке жетишип, төрт турдун жыйынтыгында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды. Бул чечим эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга жана өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан тышкы саясатка болгон ишениминин жана жогорку баасынын көрсөткүчү болуп саналат. Ошондой эле бул биздин өлкө көтөрүп келген демилгелерди жана эл аралык деңгээлдеги ишмердүүлүктү таануунун белгиси.

Алдыда Кыргызстан үчүн маанилүү эл аралык иш-чаралар күтүлүүдө. Үч айдан кийин өлкөбүздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп, ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышат. Мындан тышкары, келерки жылы Бишкекте эл аралык Тоо саммитин өткөрүү пландалууда. Кыргызстан бул багыттагы глобалдык процесстердин лидерлеринин бири болуп саналат. Дүйнө татаал геосаясий өзгөрүүлөрдү баштан кечирип, глобалдык трансформациянын тектоникалык процесстери жүрүп жатканда биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренада ыкчам, алдыга ишенимдүү кадам таштап жатканы мени аябай кубандырып жатат. Мындай шартта туура стратегиялык багыттарды тандап, аларды эл аралык аренада, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун аянтчасын колдонуу менен илгерилетүү өзгөчө мааниге ээ.

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдеген жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан олуттуу кадам болду. Анткени Коопсуздук Кеңеши БУУ тутумундагы эң маанилүү жана таасирдүү орган болуп эсептелет. Буюрса, 2027-жылдан тартып Кыргызстан бул аянтчаны өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жана демилгелерин эл аралык деңгээлде илгерилетүү үчүн натыйжалуу пайдалана баштайт. Ошондой эле дүйнөнүн ар кыл мамлекеттери жана өнөктөштөрү менен кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Менин оюмча, бул чечим өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшүнө, эл аралык кадыр-баркынын дагы өсүшүнө жана тышкы саясаттагы позициясынын бекемделишине кызмат кылат” , – деди Даиров.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук  кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар