Бүгүн, 5-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган кеңейтилген форматтагы жолугушуу башталды.
Жолугушууга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү, заманбап технологияларды киргизүү жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча өз ара пайдалуу долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулууда. Беларусь тараптын айыл чарба техникалары жана агроөнөр жай тармагындагы тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Мындан тышкары, энергетика жаатындагы кызматташтык, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы технологияларды киргизүү маселелери күн тартибине коюлган.
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды кеңейтүү, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана жаңы рынокторго чыгуу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашат.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган бир катар макулдашууларга жетишүү күтүлүүдө. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестициялык кызматташтыктын кеңейишине өбөлгө түзөт.
Иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.



