Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанда өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына беларусь тарап активдүү катышарын билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары элдердин маданий мурасын, салттуу спорт түрлөрүн жана улуттук баалуулуктарын дүйнөгө тааныткан ири эл аралык аянтча болуп саналат. Беларусь бул иш-чараны элдерди жакындаткан, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдеген маанилүү долбоор катары баалап, оюндарга өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Александр Турчин ошондой эле Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары соода-экономикалык, өнөр жай, айыл чарба жана маданий багыттарда ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелер мындан ары дагы кеңейе турганына ишеним билдирди.



