Башкы беткеМаданиятДүйнөлүк жана эл аралык премьералар коюлган Эл аралык кинофестиваль өтөт

Дүйнөлүк жана эл аралык премьералар коюлган Эл аралык кинофестиваль өтөт

7–12-июнь күндөрү Бишкек шаарында IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Фестивалдын салтанаттуу ачылышы 7-июнда Т. Усубалиев атындагы аянтта ачык асман алдында уюштурулат. Саат 18:00дө фестивалдын катышуучулары, коноктору жана эл аралык калыстар тобу салтка айланган «Асман килем» көк килеми аркылуу өтүшөт. Ал эми расмий ачылыш аземи саат 19:00дө башталат.

Иш-чаранын алкагында Эл аралык сынак, Борбор Азия сынагы жана улуттук «Kyrgyz Box» программасы көрсөтүлөт. Кинотасмалар борбор калаадагы «Broadway», ЦУМ, «Ала-Тоо», «Космопарк» кинотеатрларында жана ачык асман алдындагы аянтчада көрүүчүлөргө сунушталат.

Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү — дүйнөлүк жана эл аралык премьераларга өзгөчө көңүл бурулушу. Программага Кыргызстан, Казакстан, Иран, Кытай жана Черногория мамлекеттеринин жаңы тасмалары киргизилген.

Мындан тышкары фестивалдын алкагында студенттик кыска метраждуу фильмдердин көрсөтүүлөрү, белгилүү актер жана режиссер Догдурбек Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспектива, Монгол кино жумалыгы, ошондой эле кино тармагынын өкүлдөрү үчүн мастер-класстар жана панелдик талкуулар уюштурулат.

 

Фестивалдын эң күтүлгөн окуяларынын бири — белгилүү француз актрисасы Одри Тоту менен жолугушуу. Ал 8-июнда саат 15:30да «Broadway» кинотеатрында өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, IV Бишкек эл аралык кинофестивалы маданий байланыштарды чыңдоого, автордук кинону өнүктүрүүгө жана Борбор Азия кинематографиясын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар