Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз балы Евробиримдиктин рыногунда. Үч ата мекендик ишкана TRACES системасына кирди

Кыргыз балы Евробиримдиктин рыногунда. Үч ата мекендик ишкана TRACES системасына кирди

Табигый балды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген үч ата мекендик ишкана Европа Биримдигинин TRACES (Trade Control and Expert System) системасына кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен маалымдашкандай, бул жетишкендик улуттук ветеринардык көзөмөлдөө тутумун Европа Биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлгөн ырааттуу иштердин натыйжасы болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын балынын Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттолушуна расмий уруксат берилиши өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Ошондой эле TRACES системасына киргизүү жаныбарлардан алынган продукцияны Европа Биримдигинин рыногуна экспорттоону уюштуруудагы маанилүү этап болуп эсептелет. Аталган система продукциянын келип чыгышын жана кыймылын көзөмөлдөөнү, ветеринардык документтердин туура таризделишин, ошондой эле Европа Биримдигинин ветеринардык жана санитардык талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.

Кыргыз балы үчүн Европа рыногунун ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, балчылык тармагын өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана Кыргызстандын экологиялык таза, табигый продукцияларын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар