Кыргызстанда 440 миңден ашуун бала «Бала ырысы» жаңы жөлөкпулун ала баштайт. Бул тууралуу бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиндеги кеңешмеде Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Аида Ажиходжоева билдирди.
Анын айтымында, жөлөкпулга документтерди 1-июлдан тарта министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырууга болот. Эгер санариптештирилген документтер жок болсо, жарандар калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алышат.
Ажиходжоева белгилегендей, аймактардагы кызматкерлер жөлөкпулду дайындоо тартиби боюнча окутуудан өтүп жатат жана тиешелүү нускамалар жөнөтүлөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев баланын алгачкы миң күнү анын физикалык жана психикалык өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, жаңы жөлөкпулдун киргизилишин өз убагында жасалган кадам деп баалады.
Маалыматка ылайык, жөлөкпул бала төрөлгөн күндөн тарта дайындалып, 3 жашка чыкканга чейин ай сайын 1,2 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.
Документ тапшырууда ата-эненин же арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (ПИН менен) жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү талап кылынат. Жогорку тоолуу, жетүүгө кыйын жана өзгөчө статусу бар аймактардын тургундары үчүн кошумча түрдө жашаган жерин тастыктаган документ да керектелет.



