Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүүнүн жаңы долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүүнүн жаңы долбоорлору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-июнда Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор менен таанышты.

Мамлекет башчысына шаардык чөйрөнү модернизациялоого, туристтик потенциалды жогорулатууга жана инвестициялык жагымдуулукту арттырууга багытталган бир катар долбоорлор сунушталды.

Алардын катарында аянты 22 миң чарчы метрден ашкан, 5200 көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу спорттук аренанын курулушу бар. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин айтымында, жаңы спорттук комплекс эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерди, маданий иш-чараларды жана жаштар форумдарын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле шаарда туристтерди жана кол өнөрчүлөрдү колдоого багытталган этно-тарыхый комплекс куруу пландалууда. Комплекстин аймагында сейил бактар, тарыхый-маданий объектилер, көргөзмө жана соода аянтчалары жайгашат.

Долбоорлордун алкагында эл аралык франшизалардын негизинде иштей турган заманбап мейманканаларды жана билим берүү мекемелеринин филиалдарын ачуу да каралууда.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, бул демилгелер Оштун архитектуралык келбетин жаңылап, анын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Сунушталган долбоорлор менен таанышкан Президент Садыр Жапаров бардык иштерди сапаттуу аткаруунун, ошондой эле тартылган инвестицияларды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар