Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧыныбаев Ош облусундагы селден кийинки калыбына келтирүү иштерин текшерди

Чыныбаев Ош облусундагы селден кийинки калыбына келтирүү иштерин текшерди

Бүгүн, 8-июнда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорундагы селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр Кара-Суу районундагы Мамытов айыл аймагында, Ош–Эркештам унаа жолунун 7-чакырымында жайгашкан Муян каналын кеңейтүү иштерин жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Алай районунун Гүлчө айылында жана башка калктуу конуштарда жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерип, объектилердеги жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча милдеттерди койду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар