Баш калаада коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында «Мото-скутер айдоочу, жол эрежесин сакта!» аттуу рейд башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБ басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул иш-чарада мотоцикл жана скутер айдоочуларынын жол эрежелерин сакташы өзгөчө көзөмөлгө алынат.
Белгиленгендей, 2026-жылдын январь—май айларында Бишкекте мотоцикл жана скутер катышкан 93 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон жана 98 киши жаракат алган.



