Башкы беткеКоомБишкек мэриясы жер тилкелерин максаттуу багытта колдонулушуна көзөмөлдү күчөттү

Бишкек мэриясы жер тилкелерин максаттуу багытта колдонулушуна көзөмөлдү күчөттү

Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкелеринин максаттуу колдонулушуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, документ жер мыйзамдарынын талаптарын сактоого, жер тилкелерин туура эмес пайдалануу фактыларынын алдын алууга жана шаардагы жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Мэрия акыркы жылдары жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн айрым жер тилкелери автоунаа сатуу жайлары, көргөзмө аянтчалары жана башка коммерциялык объекттер катары пайдаланылып жатканын белгилейт. Мындай көрүнүштөр турак жай конуштарындагы транспорттук инфраструктурага кошумча жүк жаратып, жашоочулардын жашоо шарттарына терс таасирин тийгизүүдө.

“Токтомду ишке ашыруунун алкагында борбор калаанын бардык административдик райондорунда жер тилкелерин пайдалануу боюнча инвентаризация жүргүзүлөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө жерлердин максаттуу багытынын жана уруксат берилген пайдалануу түрүнүн бузулушу аныкталса, тиешелүү материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Мэрия жер ээлерин, жер пайдалануучуларды жана ижарачыларды жер тилкелерин алардын белгиленген максаттуу багытына ылайык пайдаланууга чакырып, коммерциялык объекттер жайгашкан аймактардын санитардык, архитектуралык жана эстетикалык талаптарга жооп беришин камсыздоо зарылдыгын эскертти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар