Башкы беткеПрезидентПрезиденттин тапшырмасы менен Баткендин экономикалык потенциалы комплекстүү изилденүүдө

Президенттин тапшырмасы менен Баткендин экономикалык потенциалы комплекстүү изилденүүдө

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкө аймактарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү изилдөө жана инвестициялык портфелди түзүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул ирет Баткен облусунун социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында, облустун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорун өнүктүрүү багыттарын жана көйгөйлүү маселелери талкууланды.

Жыйынга Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер жана шаар мэрлери катышып, өз аймактары боюнча даярдалган долбоорлорду презентациялашты.

Өзгөчө айыл чарба, туризм, өндүрүш, таза суу жана энергетика тармактарына көңүл бурулду. Бул багыттар жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө таасир этет.

Учурда республика боюнча жалпы көлөмү 460 миллиард сомго жакын 170тен ашык инвестициялык долбоорлор сунушталып талкууланып жатат. Бул демилгелер ишке ашса, аймактардын социалдык-экономикалык абалына олуттуу өзгөрүү алып келээрин Бакыт Төрөбаев белгиледи.

Мындай иштердин негизги максаты — өлкөнүн ар бир районунун инвестициялык мүмкүнчүлүгүн так аныктап, аны инвестициялык долбоорлор аркылуу реалдуу экономикалык өсүшкө айлантуу.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан өлкө боюнча инвестициялык долбоорлорду системалаштыруу, сапаттуу инвестициялык портфель түзүү жана ар бир аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар