Башкы беткеДүйнөДүйнө чемпионаты-2026: Футбол майрамы бүгүн башталат

Дүйнө чемпионаты-2026: Футбол майрамы бүгүн башталат

Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча дүйнөдөгү эң ири спорттук мелдеш — Дүйнө чемпионаты-2026 расмий түрдө старт алат. Турнир тарыхта биринчи жолу үч өлкөдө АКШ, Канада жана Мексикада өтүп, ага рекорддук 48 курама команда катышат.

23-дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин уланып, жалпысынан 104 беттеш өткөрүлөт. Жаңы форматка ылайык, командалар төрттөн турган 12 тайпага бөлүнүп, ар бир тайпанын мыкты эки командасы жана үчүнчү орунду ээлеген эң мыкты сегиз курама жогорку баскычына чыгат.

Мелдештин оюндары 16 шаардагы заманбап стадиондордо өтөт. Беттештер АКШнын, Канаданын жана Мексиканын ири шаарларында уюштурулуп, дүйнөнүн бардык бурчунан келген миллиондогон күйөрмандардын көңүл борборунда болот.

Адистердин баамында, Дүйнө чемпионаты-2026 катышуучулардын саны, оюндардын масштабы жана уюштуруу деңгээли боюнча футбол тарыхындагы эң ири турнирлердин бири болуп калат. Футбол сүйүүчүлөрүн алдыда бир айдан ашык убакытка созулган чоң спорттук майрам күтүп турат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар